Бокс боюнча эл аралык мелдеш: Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болду

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жаткан “Boxam” эл аралык мелдешинин алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

Мушкер 60 килограммга чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалдык беттеште Швейцариянын спортчусун утса, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык спортчуну жеңген. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Мали өлкөсүнөн келген мушкерди утуп чемпион болду.