Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ланусия шаарында (Испания) өтө турган “Boxam” эл аралык мелдешине катышат. Мелдеш 29-январда башталып, 4-февраль күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 51 килограмм Нуржигит Дүйшебаев;
- 57 килограмм Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63.3 килограмм Мирзахид Имамназаров, Алмаз Орозбеков;
- 71 килограмм Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу;
- 80 килограмм Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу;
- 86 килограмм Өмүрбек Бекжигит уулу;
- +92 килограмм Бакыт Токтосун уулу;
Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.