Эрежесиз эр уруш: Бусурманкул Абдибаит уулу Владислав Королевский менен беттешет

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу эрежесиз эр уруш боюнча Eagle Fighting Championship уюмунда кезектеги беттеши бүгүн, 19-мартта Бишкек убактысы менен саат 20:00 до болот.

Беттеш Краснодар шаарында өтөт. Каршылашы орусиялык Владислав Королевский болмокчу.

Бусурманкул өзүнүн проффесионалдык карьерасын 2015-жылы баштаган. Андан бери жалпысынан 15 беттеш өткөрүп, 12 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Королевский 12 беттешке чыгып, 8 жолу жеңип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.