Бусурманкул Абдибаит уулунун кезектеги беттеши качан болот?

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship уюмунда кезектеги беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган уюмдун Инстаграм баракчасында маалымат берилди.

Бул беттеш 19-мартта Краснодар шаарында өтөт. Каршылашы орусиялык Владислав Королевский болмокчу.

Бусурманкул өзүнүн проффесионалдык карьерасын 2015-жылы баштаган. Андан бери жалпысынан 15 беттеш өткөрүп, 12 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилген. Ал эми Королевский 12 беттешке чыгып, 8 жолу жеңип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.