Бүгүн Парижде Жайкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Бүгүн, 26-июлда Парижде 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин өткөрүлөт.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. 

27-июлда кыргызстандыктардын ичинен биринчи болуп 100 метрге брасс ыкмасы менен сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Балбандар Парижге 1-августта учса, Сардана Трофимова 11-августта марафонго катышат. Ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат.