Бүгүн, 4-февралда Кытайдын Пекин шаарында 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот.
Ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Бул оюндарда Кыргызстандын намысын бир спортчу коргойт. Лыжачы Максим Гордеев мелдешке 16-февралда чыгат. Дал ушул спортчу Улуттук стадиондо өтүп жаткан спортчулардын парады учурунда Кыргызстандын желегин алып чыгат.