Испаниялык «Манчестер Ситинин» жарым коргоочусу Родри (Родриго Эрнандес) France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусу катары «Алтын топ» сыйлыгын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи Парижде өттү.
Аземге «Манчестер Ситинин» жана Испания курама командасынын оюнчусу балдак менен келди. Ал сентябрдын аягында тизесинен жаракат алган. Өткөн сезондо Родри Испания курама командасы менен Еврону утуп, ал жакта турнирдин мыкты оюнчусу деп табылган.
Родри сыйлыкка ат салышууда «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу Винисиус Жуниор жана жарым коргоочусу Жуд Беллингемди артта калтырды.