CAVA Улуттук лигасы: Кыргызстан курама командасы 2-орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  өттү.
Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту. Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. Улуттук курама команда 15 упай менен 2-орунду, ал эми Монголиянын курама командасы 11 упай менен 3-орунду ээледи.
Мындан сырткары спортчуларга атайын наамдар ыйгарылды:
— “Мыкты тосмочу” наамы Роман Шилов (Кыргызстан);
— “Мыкты тосмочу” наамы Азизбек Кучкоров (Өзбекстан);
— “Мыкты коргоочу” наамы Кутман Абсатаров (Кыргызстан);
— “Мыкты каршы чабуулчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
— “Эң баалуу оюнчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
— “Эн мыкты оюнчу” наамы Хоссейинитолоути Сейедматин (Иран);
— “Эң мыкты оюнчу” наамы Гантулга Ценд-Аюш (Монголия).