Дүйнө чемпиондору өлкөгө келишти (сүрөт)

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль алган балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков өлкөгө кайтып келди. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

Алар отурган учак бүгүн, 26-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду. Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Анда грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет чемпион аталды. Ошондой эле Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алышты.