Суучул Петрашов Израилде өткөн эл аралык спорттук жарышта алтын медалга татыды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Израилдин Тель-Авив шаарында Маккабиада деген аталыштагы 4 жылда бир өткөрүлгөн эл аралык спорттук турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

12-26-июль күндөрүнө пландалган спорттук жарышта суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 200 метрге жарышка чыгып, биринчиликти багындырды.

Белгилей кетсек, Маккабиада жарыш оюндары дүйнөдөгү массалык спорттук оюндардын арасында 3-орунда турат. Жалпысынан спорттук турнирге 60 өлкөнүн спортчулары катышып, спорттун 42 түрү боюнча күч сынашат.