Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын алгачкы катышуучулары кайтып келди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Бүгүн, 2-августта суучул Денис Петрашов жана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Бишкекке кайтып келишти.
Спортчуларды «Манас» 2 эл аралык аэропортунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана спортчулардын жакындары тосуп алды.