Дүйнө чемпионаты: самбочу Белек Бараканов финалга чыкты

Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Белек Бараканов Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Спортчу 64 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып жатат. Алгач 1/16 финалдык беттеште тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште америкалык балбанды жеңген. Чейрек финалдык беттеште италиялык спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште монголиялык балбанды утуп финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште орусиялык спортчу менен күч сынашат.

Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты 11-ноябрь күнү башталып 13-ноябрь күнү жыйынтыкталат.