Дүйнө чемпионаты: самбочу Белек Бараканов күмүш медалга ээ болду

Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Белек Бараканов Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Спортчу 64 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып алгач 1/16 финалдык беттеште тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште америкалык балбанды жеңген. Чейрек финалдык беттеште италиялык спортчуну жеңип, жарым финалда монголиялык балбанды утуп финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынды.