Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы менен Калмира Билимбек кызы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы беттешин ийгиликтүү баштады.

Кыргызстандык балбан 76 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/16 финалдык баскычтан баштады. Мелдештин алгачкы беттешинде Айпери Медет кызы Румыниядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычка өткөн.

57 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы күч сынашып, алгачкы беттешинде Кореядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.