Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалга чыкты. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Биринчи кармашта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Польшадан келген спортчуну жеңип алды.
Мээрим Жуманазарова да Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү баштады. Ал 1/16 финалдан баштап 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Турнирдин алгачкы беттешинде балбан Перунун өкүлү менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Анын кийинки атаандашы Украинанын өкүлү болмокчу.