Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандык жаш балбан жаракат алган атаандашын килемден көтөрүп кетти

Кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

Бул күндөрү Амманда 17 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө. Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, Япония, Украина, АКШ спортчуларын жеңип, финалга чыкты.

Жарым финалда кыргызстандык америкалык Жордин Пор Рэнинин далысын жерге тийгизип, жеңип алды. АКШдан барган спортчу жаракат алып, бутуна турууга кыйын болгон. Асан уулу америкалыкты килемден көтөрүп алып кетти.