Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда 62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетип, карьерасында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды.
Ал финалдык беттеште япониялык спортчу Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңип алды.
Жеңишке жеткенден кийин дароо улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп, килемди тегеренип чуркады.