Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан күрөш боюнча 3-орунду ээледи. Куржунда жалпы 5 медаль бар: 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло.
Эркин күрөш боюнча 61 килограм салмакта Тайырбек Жумабек уулу коло медалга ээ болгон. Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, 76 килограмга чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограм салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 килограм салмак ченинде Акжол Махмудов алтын медалга ээ болгон.
Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берди.