Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова 22 жашка толду

Бүгүн, 9-ноябрь Ослодо өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңген кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарованын туулган күнү. Балбан кыз 22 жашка толду.

Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Мээрим — сегиз бир туугандын төртүнчүсү.

  • 2014 — Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015 — Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2016 — Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
  • 2017 — Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2017 — Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017 — Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2019 — Чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2021 — Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло медаль.
  • 2021 — Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болуп, Дүйнө чемпиону аталган.