Бүгүн, 9-ноябрь кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарованын туулган күнү. Балбан кыз 23 жашка толду.
Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Мээрим — сегиз бир туугандын төртүнчүсү.
- 2014 — Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2015 — Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2016 — Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
- 2017 — Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
- 2017 — Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
- 2017 — Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль;
- 2019 — Чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
- 2021 — Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло медаль.
- 2021 — Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болуп, Дүйнө чемпиону аталган.
- 2022 — Түркияда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде күмүш медаль;
- 2020 — Түркиядагы Ислам шериктештик оюндарында алтын медаль.