Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан жер улактан жеңүүчү болду

Бүгүн, 12-сентябрда Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чечүүчү беттеште Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду.

Оюндун жүрүшүндө чыр да чыкты. Биринчи тайм Кыргызстандын пайдасында 3:1 эсеп менен аяктап, экинчи тайм 4:4 эсепте тең чыгуу менен аяктады. Кошумча убакытта Казакстандын курамасы жеңишке жетти.