Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага алат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага алат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, буга чейин кыргыз тарап Түркияга жылкыларды ташуу боюнча түрдүү авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бир гана «Моалем Авиэйшн» авиакомпаниясы ташууга макул болгон. Келишим боюнча аттар 27-сентябрда учуп чыгып, 3-октябрда кайтып келиши керек болчу.

«Көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунун расмий мелдеш катары кирүү тууралуу маалыматты түрк тарап кеч бергендиктен, авиакомпаниянын Кыргызстанга кайтып келүү убактысын башкалар алып кетишкен. Андыктан жылкыларды кайра Кыргызстанга алып келүү эки жумадан ашык убакытты талап кылат», — деп түшүндүрүштү министрликтен. Кыргыз тараптын Түркияда жылкыларды мынчалык узакка кармоого мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, аларды ижарага берүү чечими кабыл алынган.

«Казакстанда да абал ушундай. Казакстан 24 жылкы ташышы керек болчу, биз 15. Бирок бардык спортчулар мелдешке толук даяр», — деп билдиришти министрликтен.