Елизавета Печерских Париж Олимпиадасында 30-орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Елизавета Печерских Париж Олимпиадасында 30-орунду ээледи. Ал 50 метр аралыкка эркин ыкмада катышкан. Өзүнүн тобунда 26,26 секунда сүзүп 1-орунду ээледи.
Мелдешке жалпы 79 спортчу катышкан. Жарым финалга жалпы 16 суучул жолдомо алды.