Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпиондугунан келишти (видео)

Кечээ, 27-август күнү эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы «Тайманбас» Олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Асеин Торогелдиев, Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Курама команда 19-25-август күндөрү Амман шаарында (Иордания) Дүйнө чемпионатында 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңишти.