Эркин күрөш боюнча (U23) Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Азия чемпиондору болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча (U23) балбандары Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Амман шаарында (Иордания) өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү аталды.
Билол Шарип уулу 65 килограмм салмак чен бирдигинде биринчи кармашында индиялык Рохит аттуу балбанга 5:8 эсебинде жеңилип калган. Кийинки беттешин өткөрүп, үчүнчү кармашында 12:0 ири эсебинде монголиялык Турбаяр Даваняманы утту. Жарым финалда коңшу казакстандык Бекзат Ермекбайды 10:0 эсебинде артта калтырды. Ал финалда кайрадан индиялык Рохит аттуу балбанга кез келип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде утуп жатып, “туше” ыкмасын колдонуп Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.
Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта биринчи беттешинде өзбекстандык Зафарбек Отахоновду 6:3 эсебинде артта калтырса, кийинки кармашында казакстандык Женгиз Каныбековду 6:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда монголиялык Батбаяр Бацухду 11:0 ири эсебинде жеңип финалга чыккан. Анда индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип 23 жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Буга чейин 70 килограмм салмакта 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.
Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек уулу 61 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде коло байгеге татыды.