Эрназар Акматалиев Египеттеги турнирде алтын жеңди

Балбан Эрназар Акматалиев Египетте эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирди жеңип алды. Ал кечээ, 26-февралда 70 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык баскычтан старт алган.

Акматалиев өзбек менен грузин спортчусун жеңип, жарым финалда дагы бир кыргызстандык Орозбек Токтомамбетовду жеңип алды. Финалдык беттеште Акматалиев АКШдан барган спортчу менен беттешип, аны да жеңди.