ЕВРО-2024. Чейрек финалга чыккан курама командалар аныкталды

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын 1\8 финалдык оюндары жыйынтыкталды.
Чейрек финалдык оюндардын графиги (Бишкек убактысы боюнча):

Испания : Германия — 5-июль, 22:00
Португалия : Франция – 6-июль, 01:00
Англия : Швейцария – 6-июль, 22:00
Нидерланддар : Түркия – 7-июль, 01:00

Чейрек финалдык оюндар Германиянын Штутгарт, Гамбург, Берлин жана Дюссельдорф шаарларында өтөт.

Жарым финалдык оюндар 10 жана 11-июль күндөрү түнкү саат 01:00до башталат. Финал 15-июль түнү 01:00дө башталат.