Франциянын президенти кураманын финалга чыгышын футболчулар менен майрамдады (видео)

Франциянын президенти Эммануэль Макрон футболчулар менен кураманын Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкканын чогуу майрамдады.

«Аль-Байт» стадионунда өткөн беттеш 2-0 эсебинде Франциянын пайдасына аяктап, Макрон отурган жеринен түшүп, чечинүүчү бөлмөдө кубанган мекендештерге кошулду.

Француз футболчулары экинчи жолу катары менен Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышты.