Футбол: 1-тайм Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады (видео)

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен кытайлык Тайбэй курамасынын беттеши өтүп жатат.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 16-мүнөтүндө эсеп сандар ачылды. Кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо биринчи голду жаратты. 37-мүнөттө дагы бир гол киргизип, 2 голдун ээси болуп калды. 44-мүнөттө Кожо кайрадан 3-голду киргизди.

Калыстар 1-таймга 3 мүнөт кошуп беришти. Бирок бул убакытта эки команда тең гол киргизе алышкан жок. Ошентип, оюндун биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.