Футбол: Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешет

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында 2025-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанга каршы ойнойт.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат.