Футбол: Кыргызстан курамасы Ирандан жеңилип калды

Бүгүн, 5-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын баштады.

Ак шумкарлар Ирандын курамасы менен кез келди. Оюндун 1-бөлүгүнүн 33-эсебинде каршылаштар эсеп санын ачты. Ошентип, 1-бөлүк 0:1 эсебинде Ирандын курамасынын алдыга чыгышы менен аяктады.

Ал эми 2-таймда эки команда тең эсеп санын өзгөртө алган жок. Оюн 0:1 эсебинде Ирандын жеңиши менен аяктады.