Футбол: Кыргызстан менен Сауд Арабия беттешинин 1-таймы аяктады

Бүгүн, 21-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы — “Ак шумкарлар” менен Сауд Арабиянын “Жашыл шумкарлары” кез келди.

Оюн башталганынан саналуу мүнөттөр өткөндөн кийин эле Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Айзар Акматов кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгып калды.

Ал эми оюндагы эсеп санды Сауд Арабиянын футболчусу 35-мүнөттө ачты. 1-тайм Сауд Арабиянын алдыга чыгуусу менен аяктады.