Футзал: Кыргыз кыздары Тажикстанды 4:2 эсебинде жеңди (сүрөт)

Кечээ, 5-февралда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбордук Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты — CAFA Women’s Futsal Championship 2024 турниринин экинчи айлампасы болуп, анын алкагында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешти.

Беттеш 4:2 эсебинде кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады. Голдорду Ырысбек кызы Кенжебүбү (6′ 10′), Мурзакулова Нурсулуу (8′), Рысбекова Медина (16′) киргизди. 

Биздин команда кезектеги беттешин 7-февралда Ирандын курама командасы менен өткөрөт.