Футзал: Кыргызстандын курамасы турнирде алдыга чыкты

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Борбор Азия турниринде алдыга озуп чыкты. Турнир ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өтүп жатат.

Кыргыз курамасы Түркмөнстандын (3:1) жана Тажикстандын (4:2) курама командаларын эки жолу катары менен жеңип алды. Эки турдан кийин Кыргызстандын командасы мүмкүн болгон 6 упайдан 6 упай менен турнирдик таблицада жалгыз келе жатат.

Кыргыз курамасы 6-февралдагы үчүнчү оюнга катышпай, 7-февралда Иран курамасы менен беттешет.