2-декабрга караган түнү E жана F тайпаларында финалдык турдун беттештери орун алды. Германия менен Бельгиянын курама командалары Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыга алышкан жок.
Бельгиялыктар 2-турда Мароккодон утулгандан кийин (0:2) хорваттарды жеңиши керек болду. Ромелу Лукаку бул оюнда үч жолу дээрлик бош дарбазага сокку узатты, бирок бир да жолу гол киргизе алган жок. Беттештин акыркы эсеби 0:0. Хорватия плей-оффко чыкты, ал эми Бельгия күрөштөн четтеди. Бул тайпада биринчи орунду күтүүсүздөн бир дагы оюнда утулбай, 7 упайга ээ болгон Марокко курама командасы ээледи.
Германиянын курама командасы Коста-Риканы жеңип, испаниялыктар Японияга утулуп калбасын деп үмүттөнүшү керек болчу. Экинчи таймда япониялыктар менен коста-рикалыктар 1/8 финалга чыга турган учур болду. Германия Коста-Риканы 4:2 эсебинде жыйынтыктаса, Испания 1:0 эсебинде алдыга чыгып, андан соң биринчи раундда жеңилип калды. Япония биринчи орундан плей-оффко өттү, Испания экинчи орунда. Германия турнирден чыкты.