Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу, учурда Казакстандын Алматы шаарындагы “Кайрат” футболдук клубунда ойноп жаткан Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунун жарым финалында “Тобол” менен болгон беттеште оюндун соңку мүнөттөрүндө алыстан сокку узатып мыкты гол жаратып, эсепти теңеди. Беттештин негизги бөлүгүндө жеңүүчү аныкталбай, командалар 11 метрлик пенальти сериясында күч сынашкан. Бирок жыйынтыгында атаандаштардын оюнчулары тагыраак болуп чыгышып 4:2 эсебинде жеңип алышты.
Эми 3-орун үчүн беттеште “Кайрат” 5-мартта “Шахтёр” менен ойносо, финалда “Астана” 6-мартта “Тобол” менен кез келет.