Бүгүн, 30-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу күч сынашат.
Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка жалпысынан 25 спортчу катталган.
27-июлда суучул жарышка чыгып, 23-орунду ээледи. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, өзүнүн тобундагы сегиз суучулдун акыркысы болуп келди (1 мүнөт 0,42 секунд). Бул жыйынтык менен жарым финалга чыкпай калган.