Футбол боюнча “Испания кубогу 2021” мелдешинин жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери бүгүн түнү башталат. Тактап айтканда, 4-мартта Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2:00дө каталондук «Барселона» клубу өз үйүндө «Севилья» клубун кабыл алат. Жарым финалдык биринчи беттеште «Севилья» «Барселонаны» 2:0 эсебинде утуп алган. Оюн Барселона шаарындагы Камп Ноу стадионунда орун алат.
Ал эми жарым финалда кез келе турчу дагы бир жуп «Леванте»-«Атлетик» клубдарынын ортосундагы оюн 5-март күнү саат 2:00дө болот.