«Жеңилүү ызасын тартуу оор болуп жатат». Крестинин Тажикстанга утулуп калуу тууралуу өз пикирин айтты

Кечээ, 29-мартта «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында футбол боюнча кыргыз улуттук курамасы Тажикстандан 1:0 эсеби менен утулуп калган. Оюндан кийин башкы машыктыруучу Александр Крестинин өз пикирин бөлүштү.

«Албетте, жыйынтыкка ыраазы эмеспиз, анткени, биз сапаттуу оюн көрсөттүк. Биринчи, экинчи таймда дагы гол жаратууга көп жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Андан сырткары, тең чыгууда көбүрөөк жеңип турдук, топко ээлик кылдык, катачылыктар аз болду. Азчылыкта ойноп жатып дагы оюнду контролдоп турдук, атаандаштын талаасында ойноп жаттык. Ал эми биздин дарбазабызда дээрлик кооптуу учурлар жаратылган жок. Оюнда биз артыкчылык кылып жатканыбыз үчүн жеңилүү ызасы андан бетер оор болуп жатат. Бул жыйынтык расмий эмес оюнда болгону жакшы, ал эми расмий оюндарга бул катачылыктарды оңдойбуз деп ишенем», — деди башкы машыктыруучу.