Жеңиш кубогу-2023: Чемпион болгон “Достук” командасына 700 миң сом тапшырылды

Кечээ, 9-май Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында Улуу Жеңиш күнүнө арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Анын алкагында көк бөрү боюнча беттештер өтүп, бардык аймактан келген 35 команда катышты. Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:
Жогорку лига:
1-орун — “Достук” (700 миң сом);
2- орун — “Сары-Өзөн” (400 миң сом);
3-орун — “Ынтымак” (200 миң сом);
4-орун — “Мурас” (100 миң сом);
5-орун — “Жаштык” (50 миң сом);
6-орун — “Алтын-Алянс” (50 миң сом);
Мыкты оюнчу — Манас Ниязов (50 миң сом);
Мыкты аргымак — Мельбург (10 миң сом).
Биринчи лига:
1-орун — “Ийгилик” (150 миң сом);
2-орун — “Өзгөн” (80 миң сом);
3-орун — “Ысык-Ата” (50 миң сом);
Мыкты оюнчу — Эржан Тургунбаев (5 миң сом);
Мыкты аргымак — Бишкек (5 миң сом).
Экинчи лига:
1-орун — “Кара-Кулжа” (70 миң сом);
2-орун — “Талас шаары” (50 миң сом);
3-орун — “Биримдик” (30 миң сом);
Мыкты оюнчу: Сейитказы уулу Айтмерек (5 миң сом);
Мыкты аргымак: Беш-Кашка (5 миң сом).
40 жаш:
1-орун — “Бишкек-Сергүү” 40 жаш (70 миң сом);
2-орун — “Жети-Дубан” (50 миң сом);
3-орун — “Талас” (30 миң сом);
Мыкты оюнчу — Мирлан Алсеитов (5 миң сом);
Мыкты аргымак — Деңиз (5 миң сом).