Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалисттер аныкталды

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары боюнча Республикалык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облусу) ат майданында өтүүдө. Анын алкагында бүгүн, 7-май күнү көк бөрү оюну боюнча жогорку, биринчи жана легендалар лигасынын жарым финалдык беттештери орун алды.
Финалга жогорку лигадан «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары чыкса, биринчи лигадан «Талас» жана «Ысык-Ата» командалары чыкты. Ошондой эле, экинчи лигада «Казарман» жана «Толук» командалары финалга чыкса, легендалар лигасынан «Манас-Талас» жана «Талас» командалары күч сынашат.
Эртең, 8-майда боло турган оюндардын программасы:
Экинчи лига:
— 9:00 «Бүркүт» — «Бийиктик» (3-орун үчүн);
— 10:00 «Казарман» — «Толук» (финал);
Легендалар лигасы (40 жаш):
— 12:30 «Сары-Өзөн» — «Биримдик Ысык-Көл» (3-орун үчүн);
— 13:35 «Манас-Талас» — «Талас» (финал).
Биринчи лига:
— 14:40 «Кара-Кулжа» — «Алтын-Альянс» (3-орун үчүн);
Жогорку лига:
— 15:45 «Мурас» — «Ийгилик» (5-орун үчүн);
— 16:50 «Достук» — «Намыс» (3-орун үчүн).