Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча жогорку лигада «Достук» 3-орунду ээледи

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданында улуттук оюндар өтүүдө.

Анын алкагында көк бөрү оюну боюнча жогорку лигада «Достук» жана «Намыс» командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, жыйынтыгында «Достук» атаандашын 5:5 (буллит 3:2) эсебинде жеңип, коло медалга ээ болушту. Ал эми жогорку лиганын финалдык оюндары бүгүн, 9-май күнү өтөт. Анда «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары күч сынашат. Оюндар саат 17:30дө башталат.