Жоламан Шаршенбеков: «Бул жалпы кыргыз элинин жеңиши»

Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында коло медаль жеңген соң, комментарий берип, колдоочуларга ыраазычылык билдирди.

«Колдоочуларга, күйөрмандарга терең ыраазычылык. Бул менин эле жеңишим эмес. Бул жалпы кыргыз элинин жеңиши. Бизге шарт түзүп берип жаткан мамлекетке ыраазычылык», — деди ал.