Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугун жеңип, 1-орунга көтөрүлдү

Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча жарыяланды.

Белградда Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Бул жыйынтык менен балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 килограммга чейинки салмак категориясында 1-орунга көтөрүлдү.

Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.