Кайгуул кызматкери Аброр Хакимов Ташкенттеги эл аралык мелдеште жеңишке жетти (сүрөт)

Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Ташкенттеги кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетти. Аталган кызматтан билдиришкендей, мелдеш 15-июндан 21-июнга чейин Өзбекстанда өттү. Аброр Хакимов 75 килограмм салмактагылар арасында өзбекстандык атаандашын нокаут менен жеңип алган. Эл аралык турнирге 12ге жакын өлкөнүн профессионал спортчулары катышкан.

Аброр Хакимов кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.