Калмира Билимбек кызы Польшадагы рейтингдик турнирде күмүш байгеге татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан “Memorial Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024” аттуу эл аралык рейтингдик турниринде 2-орунду ээледи.
Спортчу 59 килограммга чейинки салмакта биринчи беттешин польшалык Наталья Кубаты аттуу балбан кызды 4:3 эсебинде, экинчи кармашын дагы польшалык Александра Витосту 8:0 ири эсебинде утту. Чечүүчү финалдык беттеште, тилекке каршы, Елега Крюгер аттуу германиялык спортчуга 7:0 жеңилип күмүш байгеге татыды.