Камчыбек Ташиев Олимпиадага жолдомо уткан спортчуну өзгөчө куттуктады (видео)

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча спортчу Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.

Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде 57 килограммга чейинки салмак категориясында турнирдин финалына чейин жетип, 2024-жылкы оюндарга катышууга кепилдик алды. Бул турнирде финалдык беттештер болгон жок. Анын ордуна уюштуруучулар эки финалистке медалдарды жана Олимпиада оюндарына катышуу сертификатын тапшыруу аземин өткөрүштү.

Алмаз уулуна сыйлыкты Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тапшырды.