КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

Бүгүн, 15-апрелде борбор калаадагы «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы Кезектеги Конгресси орун алды.
Конгресстин күн тартибине ылайык негизги маселелер каралып, КФБнын Аткаруучу комитетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, 2026-2030 мөөнөткө болгон жаңы курам шайланды. Жаңы жетекчилик курам КФБнын мүчө уюмдары тарабынан сунушталып, бүгүнкү Конгресстин делегаттары тарабынан шайланды. Аткаруучу комитеттин курамы анын буга чейинки өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнү ырааттуулугун сакталган шартта жаңыланды. Курамга футболду өнүктүрүүгө кайдыгер карабаган, өз салымын кошууга даяр өз ишинде профессионалдуу жана таанымал адистер кирди.
КФБнын президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Конгресстин жүрүшүндө бул кызматта эки жылдан ашык убакыт ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берип, делегаттарга кайрылуу жасады. Өз кайрылуусунда, ал жаңы мөөнөткө талапкерлигин көрсөтпөй тургандыгын билдирип, КФБнын келечектеги башчысы футболго күйүп, улуттук футболду өнүктүрүү багытында башталган реформаларды ырааттуу улантып, КФБнын уюм катары жана футбол боюнча курама командалардын эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү мындан ары да бекемдейт деген үмүтүн билдирди.
КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, бүгүнкү Конгрессте бул кызмат боюнча шайлоо өткөрүлгөн жок. Президенттик кызматка болгон шайлоо өтө турган Конгресстин жаңы датасы жакынкы убакытта КФБнын Аткаруучу комитети тарабынан аныкталат.
КФБ Аткаруучу Комитетинин жаңы курамы:
⁃ Букуев Нурдин Медетбекович – КФБ Биринчи Вице-президенти
⁃ Акжигитов Мирлан Төлөнович — КФБ Вице-президенти
⁃ Таалайбек кызы Жылдыз — КФБ Вице-президенти
⁃ Эгембердиев Кайрат Таабалдиевич — КФБ Вице-президенти
⁃ Абдыкадыров Канатбек Абдыкадырович – КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Бабанов Омурбек Токтогулович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Кадралиев Асылбек Мэлсович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Кутманов Эмиль Мейманбекович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Салымбеков Аскар Мааткабылович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Сакебаев Азат Советбекович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
⁃ Ногаев Уланбек Мелисович — КФБ Аткаруучу комитетинин мүчөсү
Белгилесек, Аткаруучу комитетинин мүчөлүгүнө болгон эки орун азырынча бош калат.