Жергиликтүү чемпионатта «Дордой» жана «Алай» клубдарында ойногон кезде Кожо Жоэль 2021-жылы Кыргыз Республикасынын чемпиону жана 2020-жылы өлкө Кубогунун, ошондой эле 2018, 2021 жана 2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун ээси болгон. Оюнчу биринчи жолу ушул жылдын май айында CAFA Nations Cup эл аралык мелдешке даярдык көрүү алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын окуу машыгуу жыйынына чакырылган. 24 жаштагы, түбү ганалык оюнчу учурдагы сезонду Өзбекстан Про-лигасында ойногон «Динамо Самарканд» клубунун курамында өткөрүүдө.
«Жеңиш кубогу – 2024». «Ынтымак» — чемпион болду
9-май улуу Жеңиш күнүнө карата "Жеңиш кубогу – 2024" көк бөрү оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү. Жогорку Лиганын финалдык...