Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин жетинчи күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.
Күндүн жыйынтыгы:
- “Ак-Суу” — “Биримдик” эсеп 3-6;
- “Токтогул” — “Талас” эсеп 2-6;
- “Кара-Кулжа” — “Талас шаары” эсеп 9-0;
- “Бишкек-Сергүү” — “Жети-Дубан” эсеп 9-1;
- “Сары-Өзөн” — “Мурас” эсеп 5-1;
- “Достук” — “Ынтымак” эсеп 4-1.
Ал эми бүгүн, 8-майда “Ысык-Ата”- “Улар” 3-4 орунга беттешет. “Альянс-Алтын”- “Жаштык” 5-6-орунга беттешет, “Өзгөн”- “Ийгилик” финал үчүн беттешет.